Талас шаарындагы мушташка байланыштуу дагы үч жаран кармалды
Талас облустук ички иштер башкармалыгы
26 ноябрь

Талас шаарындагы мушташка байланыштуу дагы үч жаран кармалды

Талас шаарында катталган топ балдардын мушташына байланыштуу дагы үч жаран кармалды. Талас облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, кармалгандар 1995-жылы туулган А.У., Ш.у.Ж. жана С.у.Ч. аттуу Талас шаарынын тургундары.

Учурда алар Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган факты боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Эске сала кетсек,  2026-жылдын 24-ноябрында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Таласта адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектелип тогуз адам кармалгандыгын кабарлаган.