Бишкекте чет өлкөлүк жаран майда бейбаштык үчүн өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн
Бишкекте чет өлкөлүк жаранга карата майда бейбаштык фактысы боюнча протокол түзүлдү. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, социалдык тармакта коомдук транспортто адепсиз мүнөздөгү аракеттерди жасаган деп шектелген чет өлкөлүк жаранга карата чара көрүү өтүнүчү камтылган кайрылуу жарыяланган.
Аталган факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын МЭЖге катталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө аталган жаран аныкталып, окуянын жагдайларын тактоо үчүн Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Ал 2006-жылы туулган А.G. аттуу чет өлкөлүк жаран экени аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесинде (майда бейбаштык) каралган укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Текшерүүнүн материалдары тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт.
Мындан тышкары, мыйзамда белгиленген тартипте аталган чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынын аймагында мындан ары жүрүү маселеси, анын ичинде өлкөнүн чегинен чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралат.
