Ошто Кореядан келген дарыгерлер көз оорулары боюнча акысыз операцияларды жасашат 
ОшМУ
7 октябрь

Ошто Кореядан келген дарыгерлер көз оорулары боюнча акысыз операцияларды жасашат 

ОшМУнун медициналык клиникасында Кореядан келген тажрыйбалуу офтальмолог дарыгерлер бейтаптарга акысыз медициналык жардам көрсөтүп жатышат. 

ОшМУдан кабарлашкандай, жардам Vision Care эл аралык долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Дарыгерлер бейтаптарды текшерип, көз оорулары боюнча консультация берип, хирургиялык операцияларды жасашат. Долбоордун алкагында 100 бейтапка катаракта, 25 бейтапка көздүн кылыйлыгы (косоглазие) боюнча операция жасоо пландалууда.

Акысыз медициналык жардам 9-октябрга чейин ОшМУнун медициналык клиникасында көрсөтүлөт. Клиника Ош шаары, Водозаборная көчөсү, 215/1 дарегинде жайгашкан.