Агартуу министрлиги жана ИӨБ Smart-Ed долбоорунун ишке ашырылышын талкуулады
7 октябрь

Агартуу министрлиги жана ИӨБ Smart-Ed долбоорунун ишке ашырылышын талкуулады

Бүгүн, 7-октябрда, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) өкүлдөрү менен биргелешкен Smart-Ed долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуу өттү.

Жолугушууга агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, ИӨБдүн Алматыдагы аймактык хабынын жетекчиси Хаммад Зафар Хундал, ИӨБдүн Кыргыз Республикасындагы өкүлү Руслан Татиков жана Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Нурлан Атаканов катышты.

Катышуучулар биргелешкен Smart-Ed долбоорунун учурдагы ишке ашырылышын карап чыгышты. Мугалимдерди ноутбуктар менен камсыздоо, окуу-методикалык комплекстерди жана мектепке чейинки билим берүү үчүн көп тилдүү өнүктүрүүчү материалдарды иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Долбоордун алкагында педагогдор үчүн 6 миң ноутбукту кабыл алуу жана аларды өлкөдөгү мектептерге бөлүштүрүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле 7–9-класстар үчүн окуу-методикалык комплекс иштелип чыгууда. Мектепке чейинки билим берүү үчүн санариптик жана басма форматтарда 300 көп тилдүү өнүктүрүүчү материалды даярдоо каралган.

Жолугушуу ИӨБдүн Кыргыз Республикасына болгон өлкөлүк программалык жана көзөмөлдөө миссиясынын алкагында өттү.