«Ак Мөөр» долбоорунун салтанаттуу иш-чарасы өттү
23 ноябрь

«Ак Мөөр» долбоорунун салтанаттуу иш-чарасы өттү

Улуттук баалуулуктарды даңазалоого жана кыргыз аялзатынын коомдогу ордун белгилөөгө багытталган «Ак Мөөр» долбоорунун кезектеги салтанаттуу иш-чарасы өттү.

Иш-чаранын алкагында «Ак Мөөр» сыйлыгын тапшыруу аземи уюштурулуп, «Ак Мөөр» түстүү журналынын бет ачары өткөрүлдү. Долбоор ийгиликтүү айымдардын эмгегин, жетишкендиктерин жана коомдук ишмердүүлүгүн таанытууга багытталган.

Иш-чаранын демилгечиси — «Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмесинин жетекчиси Дана Абдыбекова. Бирикме улуттук каада-салттарды сактоо, жайылтуу жана руханий мурастарды кийинки муунга өткөрүп берүү багытында бир катар долбоорлорду ишке ашырып келет.

Салтанатка чет мамлекеттерден келген лидер айымдар, коомдук ишмерлер жана ишкерлер да катышты.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу министрликтин атынан куттуктоо сөзүн сүйлөп, долбоордун улуттук маданиятты жана кыргыз аялзатынын коомдогу ордун даңазалоодогу маанисин белгиледи.