Бакай-Атада мергенчилик куралына мыйзамсыз уруксат берилгендиги аныкталды
Башкы прокуратура
7 октябрь

Бакай-Атада мергенчилик куралына мыйзамсыз уруксат берилгендиги аныкталды

Бакай-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Россия Федерациясында жүргөн жаран мергенчилик минимуму боюнча экзаменге катышпаганына карабастан, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан ага мамлекеттик мергенчилик ырастамасы мыйзамсыз таризделгени аныкталды.

Анын негизинде райондук ички иштер органдарынан ок атуучу куралды сактоого жана колдонууга уруксат алынып, бир даана ок атуучу курал белгисиз адамдардын колуна өткөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.