Кыргызстандык спорттук күрөш боюнча курамасы Лас-Вегастагы Дүйнө чемпионатына катышат
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
7 октябрь

Кыргызстандык спорттук күрөш боюнча курамасы Лас-Вегастагы Дүйнө чемпионатына катышат

Кыргыз Республикасынын грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 23 жашка чейинки (U23) улуттук курама командалары 12-18-октябрь күндөрү Лас-Вегас шаарында (АКШ) өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат.

Улуттук курама командалардын тизмеси:

Эркин күрөш:

  • 65 кг чейин - Өскөнбай Абдисаматов;
  • 74 кг чейин - Адилет Акылбеков;
  • 79 кг чейин - Байтемир Түлөбердиев;
  • 92 кг чейин - Улук Сооронбеков;
  • 97 кг чейин - Кутман Төлөбалдиев;
  • Башкы машыктыруучу - Ислам Тазабеков;

Улук машыктыруучу - Нарынбек Дүрбөлөң уулу.

Грек-рим күрөшү:

  • 55 кг чейин - Барсбек Асанкожоев;
  • 60 кг чейин - Кубанычбек Аринов;
  • 67 кг чейин - Баяман Каримов;
  • 72 кг чейин - Ырыскелди Хамзаев;
  • 82 кг чейин - Эрлан Марс уулу;
  • 130 кг чейин - Мурат Ботоев;
  • Башкы машыктыруучу - Улукбек Карачолоков;

Улук машыктыруучу - Руслан Царев.

Кыз-келиндер күрөшү:

• 73 кг чейин - Кайыркүл Шаршенбаева.