Кыргызстан менен Жашыл климаттык фонд климаттык каржылоону кеңейтүүнү талкуулады
Жаратылыш ресурстары министрлиги
7 октябрь

Кыргызстан менен Жашыл климаттык фонд климаттык каржылоону кеңейтүүнү талкуулады

Грузиянын Тбилиси шаарында Жашыл климаттык фонддун (ЖКФ) Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен өткөрүлүп жаткан аймактык диалогунун алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев ЖКФнын аймактык директору Томас Эрикссон менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана климаттык долбоорлордун улуттук портфелин түзүү маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл улуттук аккредитациядан өткөн уюмдар — АРИС жана «Элдик Банктын» ишмердүүлүгүнө, ошондой эле Мамлекеттик өнүктүрүү банкын жана «АБанкты» ЖКФда аккредитациядан өткөрүүгө даярдоо иштерине көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Кыргызстандын тоолуу климаттык күн тартибине өзгөчө көңүл бурулуп, климаттык долбоорлордун портфелин түзүүдө тоолуу экосистемалардын жана жамааттардын климаттын өзгөрүшүнө карата аярлуулугун эске алуу маселеси каралды. Ошондой эле Ысык-Көл боюнча долбоордун келечеги жана көлдү сактоо боюнча көп тараптуу трасттык фонд түзүү демилгеси талкууланды.

Ошондой эле тараптар Readiness программасын өнүктүрүү маселесин карашты. 2027-жылы Жашыл климаттык фонд менен биргеликте Кыргыз Республикасы үчүн болжол менен 6 долбоорду иштеп чыгуу пландалууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да өнөктөштүктү бекемдөөгө, долбоорлорду даярдоо этабынан конкреттүү каржылык чечимдерди кабыл алууга жана климаттык инвестицияларды практикалык ишке ашырууга өтүүгө кызыкдар экенин билдиришти. Бул иштер Кыргызстандын тоолуу аймактардын климаттык күн тартибиндеги артыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт.