2023-жылдан бери Кыргызстанда кызамыктан 26 бала каза болду – Саламаттык сактоо министрлиги
Сүрөт ачык булактардан алынды
7 октябрь

2023-жылдан бери Кыргызстанда кызамыктан 26 бала каза болду – Саламаттык сактоо министрлиги

2023-жылдан бери Кыргызстанда кызамыктан 26 бала каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, каза болгон балдардын 80%га жакыны ата-энелери эмдөөдөн баш тарткан үй-бүлөлөрдөн болгон.

Ишенапысова кызамыктын кайра-кайра күчөшүн эмделбеген балдардын санынын көбөйүп топтолушу менен байланыштырды.

Ал 2015-жылы өлкөдө кызамыкка чалдыккан 17 миңден ашык учур катталганын эске салды. Кошумча эмдөө жүргүзүлгөндөн кийин инфекциянын жайылышын токтотууга мүмкүн болгон. Бирок кийинчерээк оорунун очоктору кайрадан каттала баштаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда 20 миңге жакын ата-эне балдарын эмдетүүдөн баш тартууда.