Бишкектин Ак-Ордо конушунда дагы бир жаңы мектеп ачылды
Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсүндө дагы бир жаңы мектеп пайдаланууга берилди.
Үч кабаттуу мектептин жалпы аянты 3349 чарчы метрди түзөт. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан аткарылды.
750 орундуу мектепте эки нөөмөт менен 1500дөй баланын билим алуусуна мүмкүнчүлук түзүлгөн. Мектепте химия жана физика лабораториялары, информатика жана эмгек кабинеттер, ашкана, китепкана, спорт залы жана окуучулар үчүн зарыл болгон башка шарттар каралган. Мектептин аймагында футбол, волейбол жана баскетбол үчүн спорттук аянтчалар да курулган. Мындан сырткары атайын күн панелдери да орнотулду.
Ошондой эле имаратта заманбап инженердик системалар колдонулуп, окуу класстары жаңы эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар менен камсыздалган. Жаңы мектептин пайдаланууга берилиши Ак-Ордо конушундагы окуучулар үчүн кошумча орундарды түзүп, мектептердеги орун тартыштыгын азайтууга өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, мектеп 6-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда ачылды.
