Бекешев “ар бир эркек өз жыныстык органына ээ болушу керектигин” эскертти
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев эл өкүлдөрүнө ар кандай маселелер боюнч кайрылгандар көп болоорун белгиледи.
Ал кесиптеши Айсара Абдиеванын коомдук талкууга түшкөн педофилдерге жазаны жеңилдетүү боюнча айтылган пикирине өз көз карашын билдирди.
“7-чакырылышта Кылмыш жаза кодексине өзгөртүү киргизип, педофилдерге карата жазаны катаалдаштырганбыз. Депутаттарга ар кандай маселелер боюнча эл кайрылат, ошол эле зомбулук жана баңгизат боюнча дагы. Бирок булар дароо эле жоопкерчиликти азайталы, жумшагыраак кылалы дегендикке жатпайт. Чынында баарыбыз, анын ичинде мен дагы, кайрылгандарды эмоционалдуу угуп, анан бул жакка айтып чыгабыз. Ошол эле маалда бир мүмкүнчүлүгүбүздү унутуп койдук – бизде Акыйкатчы институту бар, аларга ушул норма кандай иштеп жатат, изилдегилечи деп тапшырма берсек болот”, - деди ал.
Депутат Акыйкатчы институту ар бир ишти ачып кароого, абактарга кирип айыпталуучу менен сүйлөшүүгө укуктуу экенин айтты. Ошондуктан эгерде эл өкүлүнө жазаны жеңилдетүү боюнча кайрылуулар болгондо, ал дароо эле трибунага чуркабай, алгач аталган институт аркылуу кайсы бир норма кандай иштеп жатканын анализдетүүгө мүмкүнчүлүгү бардыгын эске салды.
“Андан башка прокуратурадан, Жогорку соттон дагы бул норма кандай иштейт деп сурай алабыз. Ушул инструментти пайдаланбай жатабыз. Ооба, ар бир кылмыш аракети боюнча “подстава” бар. Бирок бул жоопкерчиликти жумшартыш керек дегенди билдирбейт. Айрыкча, жыныстык кол тийбестик жаатындагы кылмыштарга. Ар бир эркек жыныстык органына ээ болушу керек. Ээ боло албай калдым, билбей калдым, паспортун сурашым керек беле деген – бул “отмазка”. Керек болсо паспортун сурагыла. Биз туш келгенге секире бергидей жандык эмеспиз. Албетте, көңүлдөш, ашы-муну болушу мүмкүн, бирок эрезеге жете электерге келгенде, мындай мамиле туура эмес”, - деди Бекешев.
