Ошто Борбор Азия өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөрүнүн «Jai Jai» көргөзмөсү ачылат
2026-жылдын 8–22-октябрында Ош шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөрүнүн катышуусунда «Jai Jai» заманбап өнөр көргөзмөсү өтөт.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, көргөзмөнүн ачылышы 8-октябрда саат 14:00дө болот.
Көргөзмө Ош шаарынын тарыхын, маданий мейкиндигин жана бүгүнкү өзгөрүүлөрүн заманбап искусство аркылуу чагылдырууга багытталган. Экспозицияда Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын сүрөтчүлөрүнүн фото, живопись, текстиль, керамика, инсталляция жана видео форматындагы эмгектери сунушталат.
«Jai Jai» көргөзмөсү Ош шаарындагы беш маданий мейкиндикте — Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинде, Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында, Brio кофейнясында, «Сузак» чайканасында жана сүрөтчүлөрдүн үй-өнөрканасында уюштурулат.
Көргөзмөнүн алкагында 8–10-октябрь күндөрү панелдик талкуулар, куратордук экскурсиялар, воркшоптор, көркөм перформанс жана поэзия кечеси өтөт.
Долбоор «Аманат-Өмүр» коомдук фонду тарабынан Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи менен биргеликте, Швейцария Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
