«Талас Органик». Айтматов районунда органикалык агрокомплекс ишке кирди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
7 октябрь

«Талас Органик». Айтматов районунда органикалык агрокомплекс ишке кирди

Талас облусунун Айтматов районунда 320 млн сомдук жеке инвестициянын эсебинен «Талас Органик» органикалык агрокомплекси ишке кирди.

Комплекс 300 гектар аянтты ээлеп, продукцияны өндүрүүдөн тартып сактоо, таңгактоо жана экспорттоого чейинки толук циклди камтыйт.

Талас облусунун Айтматов районундагы Ак-Башат айылында «Талас Органик» агрокомплексинин ачылышы өттү.

Долбоор «Альянс Алтын» фонду тарабынан 320 млн сом көлөмүндөгү жеке инвестициянын эсебинен каржыланган. «Талас Органик» Талас облусунда эл аралык органикалык сертификатка ээ болгон биринчи толук циклдеги агрокомплекс болуп саналат.

Агрокомплекс 300 гектар аянтты ээлейт. Бул жерде тамчылатып жана жаадырып сугаруу системалары, өзүнүн суу бассейни, ошондой эле 1 500 тонна сыйымдуулуктагы климаттык көзөмөлдөгү кампа каралган.

Өндүрүштүн толук циклине айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, жыйноо, калибрлөө, муздатуу жана сактоо, таңгактоо жана сатуу процесстери кирет.

Долбоордун алкагында биринчи сезондо 35 гектар жерге органикалык картошка өстүрүлүп, продукцияны Казакстанга экспорттоо башталат.

Келечекте агрокомплекстин аянтын 500 гектарга чейин кеңейтүү, жаңы айыл чарба өсүмдүктөрүн киргизүү жана фермерлерди органикалык өндүрүш технологияларына окутуу пландалууда.

Долбоор органикалык айыл чарбасына жеке инвестицияларды тартууга, заманбап өндүрүш жана сактоо инфраструктурасын өнүктүрүүгө, фермерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган.