Бишкек жана Сеул «Seoul Fitness 9988» долбоорун практикалык ишке ашырууну улантууда
Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин орун басары Рахат Мусаеванын Сеул шаарынын Өкмөтүнүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн директорунун орун басары Пак Чанхён баштаган делегациясы менен жолугушуусу өттү.
Жолугушуу Сеул шаарынын өкүлдөрүнүн Бишкекке болгон жумушчу сапарынын алкагындагы жыйынтыктоочу иш-чара болуп, сапардын негизги максаты «Seoul Fitness 9988» долбоорун ишке ашыруу маселелерин талкуулоо болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар буга чейин аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, долбоорду мындан ары ишке ашыруунун кийинки кадамдарын талкуулашты. Корея тарап долбоордун кийинки этаптары жана аны ишке ашыруунун ыкмалары боюнча презентация жасап, мэриянын өкүлдөрүнө кеңири маалымат берди. Ошондой эле биргелешип иштеп чыгууну талап кылган маселелер белгиленди.
Иш сапардын алкагында Сеул шаарынын өкүлдөрү мэриянын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте жумушчу жолугушууларды өткөрүп, долбоорду ишке ашыруу үчүн аныкталган объект менен таанышты. Тараптар объектти даярдоо жана андан аркы ишти уюштуруу менен байланышкан практикалык маселелерди карап чыгышты.
Рахат Мусаева Сеул шаарынын Өкмөтүнө ырааттуу кызматташтыгы жана долбоорго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкек мэриясы долбоорду сапаттуу ишке ашырууга жана анын мындан ары туруктуу иштешин камсыз кылууга кызыкдар экенин белгиледи.
Жолугушууда эки шаардын тиешелүү түзүмдөрүнүн мындан аркы өз ара кызматташуусуна, адистерди даярдоого жана долбоор ишке киргизилгенден кийин анын натыйжалуу иштешин камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар «Seoul Fitness 9988» долбоорун мындан ары ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга жана тыгыз өз ара кызматташууну камсыз кылууга даяр экендиктерин ырасташты.
Маалымат үчүн: Бишкек шаары Сеул шаарынын Өкмөтүнүн «2026 Seoul ODA Challenge Program» программасынын алкагында долбоорго катышуу үчүн тандалып алынган.
Жалпысынан программага 18 өлкөдөн 47 шаардын атынан 51 арыз келип түшкөн. Конкурстук тандоонун жыйынтыгында Бишкек өнөктөш катары тандалган үч шаардын катарына кирип, «Seoul Fitness» багыты боюнча тандалган жалгыз шаар болду.
