Спикер “чала саясатчыларга” кайрылды: Жогорку Кеңештин дарегине ашыкча сын айткандарга сөзсүз чара көрүлөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
7 октябрь

Спикер “чала саясатчыларга” кайрылды: Жогорку Кеңештин дарегине ашыкча сын айткандарга сөзсүз чара көрүлөт

Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Марлен Маматалиев депутат Айсара Абдиеванын педофилдер боюнча билдирүүсүнөн улам соцтармактарда парламенттин дарегине сын көбүрөөк айтып баштаганын билдирди. 

Ал депутат эл өкүлү болгондуктан, элдин бардык катмарынын – анын ичинде абактагылардын да маселесине көңүл бураарын эске салды. 

Маматалиев депутат Абдиевага дагы балдары күнөөсүз жерден темир тор артына кирип кеткен ата-энелер кайрылышкандыктан, ушул маселени пикир катары гана талкууга жем таштап, комитет жыйынына алып чыкканын белгиледи. 

“Бир депутаттын сөзүн жалпы парламентке байланыштыргандан алыс болуш керек. Андай мыйзам эч бир депутат тарабынан жазылган эмес, парламентке түшкөн эмес жана андай мыйзамды кабыл алмак тургай, кароо дагы ниетибиз жок. Тескерисинче, 7-чакырылыштын депутаттары педофилдерге карата жазаны катаалдаштырганбыз, андай адамдар көчөдө ээн-эркин жүрбөшү керек деген мыйзам кабыл алганбыз. Кастрация кылууга чейин көтөргөнбүз, бирок абакта мындай берене менен түшкөндөр жазылбаган мыйзамдар аркылуу кастрациядан да чоң кордукка туш болоорун билип, аны өткөргөн эмеспиз. Күнөөсү жок балдар да камалып кетти деген бул экинчи маселе. Бул боюнча прокуратура ар бир эпизодду текшерип чыгат деп ойлойм”, - деди спикер. 

Марлен Маматалиев “соцтармактарды колдонгонду жакшы көргөн адамдар” Жогорку Кеңешке сын-пикирди көп айтып жатышканына токтолду. 

“Биз эл өкүлү катары ар бир сынды кабыл алабыз, бирок аша чапкан, ар намыска шек келтиргенге кайрылат элем: аша чапкан пикирлерге сөзсүз чара көрүлөт”, - деди ал. 

Айтымында, “чала саясатчылар”, саясатчылар “парламент алсыз” деген пикирин билдирип жатышат. Спикер аны бүгүнкү Жогорку Кеңештин функциясы өзгөргөнүнө байланыштырды. 

“Ушундай сөздөрдү айткандан алыс болсоңуздар. Жакында музей ачтык, санарип музейин, анда да мурдагы саясатчылар бар экен, ошолорго Кыргызстан үчүн керектүү 5 мыйзам жаздыңбы деген суроо узатып, бирок жообун өзүм да тапкан жокмун. Өздөрү кыйраткан эмес, анан шайлоонун алдында акылдуу болуп чыга келишти. Ооба, парламент ошол саясатчылар иштеп турганда күчтүү болчу, бирок анда парламенттик башкарууда жашаганбыз. Парламент премьер-министрден баштап айыл өкмөт башчыларына чейин дайындачу. А азыр президенттик башкаруу. Бүгүнкү Жогорку Кеңеште эки функция бар – мыйзам чыгаруу жана мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө. Дагы бир жазылбаган функциябыз – эл менен тыгыз иштөө. Биз аны жогорку деңгээлде аткарып жатабыз”, - деди спикер.