Ортомчулар гана чөнтөгүн толтурууда: депутат картошканы дыйкандар 13 сомдон сатышарын билдирди
Сүрөт ачык булактардан алынды
7 октябрь

Ортомчулар гана чөнтөгүн толтурууда: депутат картошканы дыйкандар 13 сомдон сатышарын билдирди

Депутат Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңештин жыйынына айыл чарба министрин жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчилигин чакырып, кымбатчылыкка кандай каршы чаралар көрүлүп жатканы тууралуу маалымат алууну сунуштады. 

Ошондой эле депутат Ысык-Көл облусундагы бир катар ооруканалардын курулушу токтоп калганын белгилеп, бул боюнча курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринен жооп алуу зарылдыгын белгиледи. 

“Элдин көбү кымбатчылык болуп жатканын айтышууда. Бирок ошол эле учурда мисалы, картошка өстүргөн дыйкандар 13 сомдон 20 сомго чейин сатышат. Аны ортомчулар ошол баада алып, андан ары базарларга 80-100 сомго чейин чыгарышат. Ортодо ортомчулардын гана чөнтөгү толуп жатат. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бааны эмнеге көзөмөлдөшпөйт. Эмнеге ортодо чоң айырмачылык болууда?” – деди депутат. 

Спикер Марлен Маматалиев депутаттын сунушун колдоп, маселени күн тартибине койду.

Ал Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Айыл чарба министрлигинин, Финансы министрлигинин, Бишкек мэриясынын жетекчилигин чогуу чакырып, бардык маселелер боюнча жооп алуу зарылдыгын билдирди.