Нарын шаарында жана Кочкор районунда МИК тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөр пайдаланууга берилди
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Нарын облусуна болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу үйлөрдүн ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Касиеттүү Теңир-Тоонун урматтуу тургундары!
Кымбаттуу мекендештер!
Бүгүнкү салтанаттын ардактуу катышуучулары!
Учурда республикабыздын кайсы гана аймагын албайлы, курулуш иштери кызуу жүрүп, элибиздин жашоо-шартын жакшыртуу үчүн акыркы жылдардагы көрүлүп жаткан илгери иш-аракеттерибиз бири-бирине жалгашып келет.
Бүгүн мынакей кут даарыган Теңир-Тоо жергесинде жакшы саамалыкка сиздер менен бирге күбө болуу үчүн келип олтурам.
Бир аздан соң Нарын шаарында алгачкы жолу 216 батирлүү жана Кочкор районунда 217 батирлүү заманбап турак жай комплекси пайдаланууга берилет. Турак жай комплекстеринде балдар үчүн оюн аянтчасы, эс алуу зоналары, спорттук аянтчалар, кеңсе жайлар, унаа токтотмолору сыяктуу зарыл шарттар каралган.
Эң алды баарыңыздарды Нарын шаары менен Кочкор айылынын көркүнө көрк кошуп жаткан жаңы турак жай комплекстеринин ачылышы менен чын дилимден куттуктаймын!
Үй ээлери, ак өргөөңүздөр кут болсун!
Урматтуу мекендештер!
Өзүңүздөр күбө болуп жаткан Нарын дубанындагы жаңы үйлөрдүн курулуп бүтүшү – жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча ырааттуу ишибиздин кезектеги натыйжасы. Үйгө муктаж жарандарыбыз көптөн көп күткөн бул турак жайлар Нарын облусу үчүн маанилүү жетишкендик десем болот. Анткени ар бир батирдин артында бүтүндөй бир үй-бүлөнүн тагдыры, ой-кыялы жана өлкө жетекчилигине болгон ишеними турат.
Улам бир жерде жеткиликтүү турак жайларды тапшыруу менен журтубуздун эртеңки жаркын келечекке болгон ишеними бекемделүүдө, жарандардын мамлекетке сыйы артууда жана жалпы элибиз күчтөнүүдө. Мына ошондуктан, үйгө муктаждарга турак жай куруу саясатын мындан ары дагы улантабыз. Үйгө муктаж болгон ар бир кыргызстандык үйлүү болгонго чейин уланат.
Буюрса, жыл соңуна чейин Баткен, Токмок, Кара-Балта, Манас, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашык батирдин курулуштары аяктайт.
Дагы бир жакшы жаңылык, жакында эле Жумгал районунун Чаек айылында дагы 8 блоктон турган, 6 кабаттуу, 240 батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталды.
Урматтуу теңир-тоолук агайын-туугандар!
Аймакка кадр жетишсиздиги бар экени баарыбызга маалым. Мындан улам, тажрыйбалуу медициналык жана башка кадрларды тартуу максатында Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине 20 батир, Кочкор районунун Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине дагы 20 кызматтык батирди бөлүүнү туура көрдүм. Бул батирлер керектүү кадрлардын аймакта туруктуу иштешине жана жергиликтүү тургундарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт деп ишенем.
Ошону менен бирге, бүгүн облус борборунда бир катар социалдык обьектилер ачылат. Алардын ичинде “Нарын” маданий борбору шаар турмушуна жаңы дем берип, калаа тургундары үчүн билим алууга, чыгармачылык менен алектенүүгө жана өз жөндөмүн өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Жаштардын чыйрак, сак-саламат өсүүсү үчүн облус аймагына жалпы жонунан 51 кичи футбол аянтчасын куруп бердик. Биздин максат - жаш муундун өз жеринде өсүп-өнүгүшүнө, талантын ачып, өлкөбүздүн келечегине салым кошуусуна шарт түзүү болуп саналат.
Ошол эле маалда облус борборунда тез жардам, төрөт бөлүмү баш болгон саламаттык жаатында 4 имарат, Нарын шаарында жана Кочкор айылында 2 стадиондун курулушу жүрүп жатат. Нарын шаары дарыяны бойлой жайгашкандыктан, баш-аягында эки гана көпүрө кызмат кылып келген болсо, элдин ыңгайлуулугу жана шаарды кеңейтүү максатында орто ченден дагы бир көпүрө салынууда.
Урматтуу теңир-тоолуктар!
Аймактарыбызды ырааттуу өнүктүрүү максатында ар жылы Эгемендик күнүн ар бир облустун борборунда өткөрүү салтка айланганы жалпыга маалым. Өзүңүздөр билгендей, быйыл Таластагы Көз карандысыздык майрамында келерки жылы Эгемендик күнүн сиздердин Нарын шаарында белгилөөнү жар салдым. 2027-жылы Нарын облусун ар тараптан өнүктүрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Жети облус тең өз-өзүнчө кут төгүлгөн, өз-өзүнчө артыкчылыкка ээ.
Мал киндиктүү Нарын жергесинде мал чарбачылыгы, туризм баштаган бир катар тармактарды өнүктүрүү пландарыбыз бар. Кудай буюрса, 2027-жылы Эгемендик күнүнө карата сиздердин облуста дагы бир топ өзгөрүүлөр, өнүгүүлөр орун алат.
Мен өткөндө Мамлекеттик ипотекалык компания район борборлорунда, шаарларда турак жай курулуштарын кеңейтүү пландалып жатканын, андан ары айылдарга чейин өткөн кылымда курулган үйлөрдү жаңыртууга көңүл буруларын айттым эле. Буюрса, сиздердин колдооңуздар менен бул ой-максаттарыбызды дагы жүзөгө ашырабыз.
Урматтуу мекендештер, өзүңүздөр билгендей, өлкө боюнча 150-200 миңге жакын үй-бүлө жеткиликтүү турак жайга муктаж. Ошондуктан калктын жашоо деңгээлинин жогорулашы үчүн турак жай менен камсыздоо жаатындагы социалдык милдеттерибизди аткара беребиз.
Урматтуу ак өргөө ээлери!
Үйлүү болсом деген көптөн берки үмүт-тилегиңиздер орундалып олтурат. Кайсы тармакта иштебеңиздер, жаңы Кыргызстанды куруу жолунда өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыңыздарды кошосуздар деп терең ишенем.
Бүгүн тапшырылып жаткан турак жайлар жана башка социалдык обьектилер өзгөрүүлөрдүн башаты болуп берсин деп, жакшыга жоруйлу, жакшыга үмүт кылалы. Жайлуу шарттары менен курулган турак жай комплексиндеги батирлер сиздерге куттуу үй-бүлөлүк очок болуп беришине тилектешмин.
Жаңы үйүңүздөр ар дайым кубанычка толсун!
Конушуңуздар жайлуу болсун!”
