Жогорку Кеңеште улгайган жакындарын баккан адамдарга айлык акы төлөө жана эмгек стажы механизми сунушталууда
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу миграциянын айынан жана ар кандай турмуштук кырдаалдардан улам Кыргызстанда улгайган курагында жалгыз жашоого аргасыз болгон жарандар көбөйүп баратканын билдирди.
Ал алардын айрымдары ар кандай оорулардан улам кыймыл-аракети чектелип, төшөккө жатып калганын жана жакындарынын туруктуу камкордугуна муктаж экенин белгиледи.
Айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 3 800 карыя жалгыз жашайт жана социалдык кызматкерлер өлкө боюнча 850 гана. Ошондо, депутат белгилегендей, 4-5 карыяга 1 социалдык кызматкер туш келет жана алардын ар бирине бир жумада бир жолу гана барып кабар алууга жетишишет.
“Укуктук механизмге токтолсок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинде мамлекет социалдык мамлекет катары аныкталган. 19- жана 44-беренесинде жарандарды карылыкта мамлекеттин эсебинен социалдык жактан камсыздоого кепилдик берилген”, - деди депутат.
Мындан улам Улукбек Карыбек уулу улгайган жарандарды социалдык жактан коргоо жана аларды баккан үй-бүлөлөрдү колдоо максатындагы механизмди сунуштады.
Айтымында, бул үчүн жаңы мыйзамдарды кабыл алуунун кажети жок, анткени бул жаатта иштеп жаткан даяр механизм бар. Ал – КР Президентинин 2022-жылдын 14-майындагы №153 Жарлыгы жана анын негизинде Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августунда кабыл алган №521 токтому.
“Министрлер Кабинетинин токтомунда “персоналдык ассистент” кызматын көрсөтүүнүн жол-жоболору бекитилген. Ага ылайык, бала кезинен 1-топтогу майыптуулугу барларды баккан жарандарга ай сайын мамлекет тарабынан 8 697 сом төлөнөт. Социалдык төгүмдөр республикалык бюджеттен каржыланып, эмгек стажы эсептелинет. Бизге болгону бул токтомго өзгөртүү киргизип, карылыктан улам пайда болчу оорудан жабыркаган улгайган адамдарды баккан үй-бүлөлөрдү да киргизүү керек”, - деди депутат.
Карыбек уулу белгилегендей, бул үчүн жаңы мекемелер же кошумча бирдик талап кылынбайт. Эмгек, социалдык колдоо жана миграция министрлигинин райондук жана шаардык башкармалыктарды бул система калыптанып калган.
“Мамлекеттик мекемелерде, мисалы, карылар үйүндө бир карыны багууга 22 миң сомдон 25 миң сомго чейин талап кылынса, алар өз үйүндө багылган учурда чыгым 8 697 сомду түзөт. Анын үстүнө кошумча мамлекеттик стационарларды курууга зарылдык жаралбай калат. Муну карыларды карыялар үйүнө тапшыруу аракеттерин алдын алуу иши десек да болот. Аны менен катар жумушсуздук көйгөйү да жоюлат. Оорулуу жакынын багып үйдө отурган эмгекке жарамдуу жарандар расмий иш менен камсыздалат. Эмгек стажы кете берет”, - деди депутат.
