7 октябрь

МинКаб төрагасы “Манас” эл аралык аэропортундагы жаңы түзүлгөн шарттар менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнүнүн 93 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. 

Алгач Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Манас” эл аралык аэропортунда түзүлгөн жаңы шарттар менен таанышып чыкты. Объектте жүргүзүлгөн комплекстүү реконструкциялоо жана модернизациялоо тууралуу маалымат Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри, “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомунун жетекчиси тарабынан берилди.  

Сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы “Манас” эл аралык аэропортунун жаңыланышы – Кыргызстандын жаңы мүмкүнчүлүктөргө умтулуусунун көрүнүктүү символу экенин, 2026-жыл кыргыз авиациясы үчүн өзгөчө жыл болгонун билдирди.

“Биз аэропортторду жаңылоо менен Кыргызстандын авиациялык системасын жаңылап жатабыз. “Манас” эл аралык аэропортунда аэродромдун элементтери жаңыланып, жарык берүүчү системалар модернизацияланды. “Манас-2” аэробекет комплекси толугу менен реконструкцияланды. Ошондой эле, “Ош” жана “Ысык-Көл” эл аралык аэропортторунда жаңы, заманбап аэробекет комплекси курулууда. “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу жүрүп жатат. “Каракол”, “Нарын”, “Кербен”, “Казарман” жана “Талас” аэропорттору жаңыланып, кайрадан ишке берилди. Бул иштердин баары бир максатка – Кыргызстандын аймактарын бири-бирине жана дүйнөгө жакындатууга багытталган. Биздин авиапарк да жаңыланууда. “Asman Airlines” авиакомпаниясынын авиапаркын кеңейтүүгө быйыл 5 млрд 836 млн сомдон ашык каражат бөлүндү. Биз улуттук авиакомпаниябыздын атаандаштыкка жөндөмдүү болушун каалайбыз”, — деди МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев. 

Үстүбүздөгү жыл, кыргыз авиациясы үчүн дагы бир маанилүү тарыхый окуя болгонун айткан Адылбек Касымаоиев Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгарылганын кошумчалады. Бул багыттагы иштерди аягына чейин жеткирүү жүргүзүлүүдө. Бул тапта мамлекет эйрбас 321 үлгүсүндөгү эки учак сатып алат. Максат – кыргыз авиакомпаниялары дүйнөнүн алдыңкы багыттарына коопсуз, сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү кызмат көрсөтө ала турган деңгээлге жетүү. 

“Ушул айда өзүнүздөр күбө болгондой өлкөбүз үчүн дагы бир тарыхый окуя болду – Кыргызстан өзүнүн алгачкы спутнигин космоско учурду. Биздин өлкө үчүн жаңы технологиялык доордун башталышы. Спутниктик технологиялар байланыш, маалыматтарды алуу, жерди аралыктан байкоо, айыл чарба, экология, өзгөчө кырдаалдар жана башка маанилүү тармактарда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жол ачат. Бул – бир гана авиациянын ийгилиги эмес. Бул – жаңы Кыргызстанды куруунун белгиси. Биздин алдыбызда – Кыргызстандын аэропортторун мындан ары өнүктүрүү, жаңы каттамдарды ачуу, авиапарктарды кеңейтүү, тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана авиациялык коопсуздуктун эң жогорку стандарттарын камсыз кылуу милдети турат. “Манас” аэропортунда жүргүзүлгөн иштер дал ушул стратегиянын практикалык натыйжасы”, — деди ал. 

Статистикалык маалыматтар боюнча, “Кыргызстан аэропорттору” ААКнын 2026-жылдын тогуз айынын алдын ала жыйынтыгы боюнча консолидацияланган таза кирешеси 4,2 миллиард сомду түздү. Аэропорттордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 9,8 миллиард сомдон ашык инвестицияланды.

“Урматтуу авиация кызматкерлери!Бул жетишкендиктердин артында учкучтардын, инженерлердин, диспетчерлердин, техникалык кызматкерлердин, аэропорт кызматкерлеринин, авиациялык коопсуздук адистеринин, мамлекеттик органдардын жана жалпы тармактын миңдеген кызматкерлеринин чоң эмгеги турат. Сиздердин кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана өз ишиңиздерге берилгендик болбосо, бүгүнкү натыйжаларга жетүү мүмкүн эмес эле. Кыргызстандын көк асманы ар дайым ачык болсун!”, — деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев.

Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон салымы, жогорку кесипкөйлүгү жана ак ниет эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнүнө байланыштуу тармактын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары, МинКаб Төрагасынын алкыштары тапшырылды.