Кыргызстанда жарым жылда 1,9 млн адам эс алды
Сүрөт ачык булактардан алынды
7 октябрь

Кыргызстанда жарым жылда 1,9 млн адам эс алды

Кыргызстанда 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында эс алган адамдардын саны 1,9 млн адамды түздү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргендей, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 1,4 эсеге өскөн.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, туризм тармагында түзүлгөн дүң кошумча нарк 34,1 млрд сомго жетти. Өсүү 26,7% түздү.

Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга чет элдик туристтерди тартуу жана алардын Кыргызстанда болуу мөөнөтүн узартуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча милдеттер коюлду.

Мындан тышкары, туристтердин коопсуздугун камсыз кылууга, кышкы туристтик сезонго даярдык көрүүгө, унаа жолдорунун абалына жана Кыргызстандын кышкы туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык рыноктордо жайылтууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.