Айсаракан Абдибаева балдарга карата кылмыштар тууралуу: Аял, эне болуп туруп жазаны жеңилдетиш керек демек белем?
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсаракан Абдибаева буга чейинки билдирүүсүн тактап, анда кылмышкерлерге жазаны жеңилдетүү же пробация чегерүү сыяктуу сунуш айтылбаганын белгиледи.
Айтымында, ага “Укук коргоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси жана мүчөсү тарабынан кайрылуу келип түшкөн. Анда Кылмыш жаза кодексинин 154, 157 жана 158-беренелеринин колдонуу практикасын комплекстүү талдоо, ар бир кылмыштын өзгөчөлүгүн эске алуу менен укуктук баа берүүнү камсыз кылуу сунушталган.
Мындан улам депутат комитет жыйынында коомдук бирикменин кайрылуусун жарыялаган.
“Педофилдерге же кылмышкерлерге карата жазаны жеңилдетүү тууралуу сөз да болгон эмес. Аял, эне болуп туруп балдарга карата жасалган кылмышты актайт белем”, - деди ал.
“Менин билдирүүм кайсы адамдар тарабынан бурмаланды, аны социалдык тармактарга блогерлер жайылтышууда. Бул кызыкдар тараптын иш аракети. Эл өкүлүнө жалаа жаап, каралоо аракети жүрүп жаткандыктан, бул топтун артында кимдер турганын билүү максатында, мен жана эки коомдук бирикме УКМКга арыз жолдодук. Мандатка чейин киришип кеткен жарандардын мыйзам алдындагы жоопкерчилиги каралбаса, аларга көшөгө артында жем таштаган демөөрчүлөр аныкталбай калышы мүмкүн. Ар ким өз оюн айтууга укуктуу, бирок маалымат коомчулукка бурмаланбай жетиши керек”, - деди Абдибаева.
