ВИЧ-инфекциясы бар адамдарга берилүүчү жөлөкпулду 10 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталды
сүрөт: depositphotos.com
7 октябрь

ВИЧ-инфекциясы бар адамдарга берилүүчү жөлөкпулду 10 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова ВИЧ-инфекциясы бар адамдарга берилүүчү ай сайынкы социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн 10 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады.

Ал бул сунушун 7-октябрда парламенттин жыйынында «Ар түрдүү маселелер» бөлүмүн кароодо билдирди.

Депутат жөлөкпулдун өлчөмүн өзгөртүү боюнча сунуштун башка чоо-жайын айткан жок.