Ош шаарында 500 орундуу жаңы мектеп ачылды
Ош мэриясы
6 октябрь

Ош шаарында 500 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн 6-октябрда, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда ачылган өлкөдөгү 20 социалдык объектинин катарында, Ош шаарындагы №60 Сүрөттүү-Таш мектеби да ачылды.

Аталган жалпы билим берүү мекемеси калаанын Сүрөттүү-Таш айылында жайгашып, 500 окуучуга ылайыкташкан.

Жаңы билим уясын көрүп чыккан мэр Жанарбек Акаев мектеп мыкты курулганын айтып, мугалимдер менен баарлашып, аларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле окуучулардын билим сапатына өзгөчө басым жасоо, аларга заман талабына ылайык, кызыктыруучу сабактарды өтүү керектигин айтты. Ошондой эле аталган мектепте окуучулар үчүн дилбаян сынагын өткөрүп, алдыңкы окуучуларга стипендия ыйгарууну убадалады.

Эске салсак, мектептин курулушу быйыл апрель айында башталган. Каражат республикалык бюджеттен бөлүндү.