Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган эки кыргызстандык Грузиядан экстрадицияланды
Башкы прокуратура
6 октябрь

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган эки кыргызстандык Грузиядан экстрадицияланды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Грузиянын компетенттүү органдары менен кызматташуусунун негизинде ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн эки жаран Кыргыз Республикасына экстрадицияланды.

Алардын бири — Т.К. аттуу жаран расмий документтерди жасалмалоо жолу менен Көк-Жар айылындагы аянты 27,9 га жер тилкесине укук белгилөөчү документтердин дубликаттарын алып, андан соң аны үчүнчү жактарга мыйзамсыз сатып жиберген.

Экинчи жаран — Н.Т. жасалма документтерди колдонуу менен автоунааны мыйзамсыз ээлеп, кийин үчүнчү жактарга сатып жиберип, жабырлануучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталууда.

Экстрадицияланган жарандар ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Грузиядан Кыргызстанга жеткирилип, тергөө абагына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жабырлануучулардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдардын жазык жоопкерчилигинен кутулуп кетүүсүнө жол бербөөгө багытталган иштерди ырааттуу жүргүзүүдө.