Кыргызстанда банктардын Депозиттерди коргоо фондуна төгүмдөрүн кеминде 2,5 эсеге көбөйтүү сунушталууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
6 октябрь

Кыргызстанда банктардын Депозиттерди коргоо фондуна төгүмдөрүн кеминде 2,5 эсеге көбөйтүү сунушталууда

Кыргызстанда банктардын Депозиттерди коргоо фондуна төгүмдөрүнүн колдонуудагы өлчөмүн кеминде 2,5 эсеге көбөйтүү сунушталууда. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директорунун орун басары Нурлан Байбосунов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Учурда системанын катышуучулары үчүн 2008-жылы белгиленген бирдиктүү 0,2% өлчөмүндөгү ставка колдонулат.

Реформанын алкагында банктын тобокелдик деңгээлине жараша 0,4–0,5% өлчөмүндөгү дифференцияланган системага өтүү сунушталууда.

Байбосуновдун айтымында, Агенттик фонддун мындан аркы өсүшү боюнча математикалык моделдөө жүргүзгөн. Эсептөөлөргө ылайык, төгүмдөр көбөйтүлгөн учурда 2030-жылдын аягына чейин фонддун милдеттенмелерди жабуу коэффициенти 7%га чейин жогорулашы мүмкүн.

Учурда бул көрсөткүч болжол менен 4,3%ды түзөт. Мыйзамда белгиленген максаттуу көрсөткүч 12%ды түзөт.

Байбосунов төгүмдөрдү көбөйтүү акырындык менен жүргүзүлөрүн белгиледи. Бул фондго каржы уюмдарында мүмкүн болуучу көйгөйлөр жаралганга чейин резервдерди көбөйтүүгө шарт түзөт.