Баткен чек ара отрядынын 27 жылдыгы белгиленди
Баткен чек ара отрядынын түзүлгөндүгүнүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага облус башчысы Мамыржан Рахимов катышып, чек ара кызматкерлерин куттуктады.
Мамыржан Рахимов өз сөзүндө мамлекеттик чек араны кайтаруу — өлкөнүн коопсуздугун, аймактык бүтүндүгүн жана элдин тынчтыгын камсыз кылган ардактуу жана жооптуу милдет экенин белгиледи.
Баткен чек ара отряды 1999-жылдын 6-октябрында түзүлүп, бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик чек араны кайтарууда маанилүү кызмат өтөп келет. Чек арачылар татаал кырдаалдарда Мекенди коргоп, өздөрүнүн аскердик антына бекем туруп келишкен.
Салтанатта аскер кызматчыларына бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана кызматында ийгиликтер кааланды.
