Бишкекте автоунаалардын дээрлик 75%ы 15 жылдан эски – эксперт
Сүрөт ачык булактардан алынды
6 октябрь

Бишкекте автоунаалардын дээрлик 75%ы 15 жылдан эски – эксперт

Бишкекте автоунаалардын дээрлик төрттөн үч бөлүгү 15 жылдан эски. Бул тууралуу «Sputnik Кыргызстан» радиосунун эфиринде Кыргызстандын Лизинг ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары, Central Asia Auto холдингинин башкармалыгынын төрагасы Анатолий Торохов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин борбор калаада катталган болжол менен 430 миң автоунаанын 335 миңге жакыны, башкача айтканда, 78%ы 15 жылдан эски болгон.

«Азыр, 2026-жылы, 15 жылдан эски автоунаалардын үлүшү боюнча жүргүзүлгөн өлчөөлөр 74,7%ды көрсөтүүдө», – деди Торохов.

Central Asia Capital компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, жалпы Кыргызстан боюнча 15 жылдан эски автоунаалардын үлүшү болжол менен 83%ды түзгөн.

Эксперт автоунаа паркын жаңылоо акырындык менен жүрүп жатканын, буга автоунаалардын кузовдорун өлкөгө алып кирүүгө коюлган чектөөлөр, чет өлкөлүк номурлуу автоунааларга карата мамиленин өзгөрүшү жана электромобилдер рыногунун өнүгүшү себеп болуп жатканын белгиледи.