Ош мэриясы
6 октябрь
Ош шаарында 450 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди
Ош шаарындагы №10 “Топ-Жылдыз” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, бүгүн 6-октябрь пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, тиешелүү жетекчилер жана бакча жамааты катышты.
Калаа башчы өз сөзүндө шаардагы бала бакча тартыштыгын жоюу аракетинде экенин билдирип, бардык аракеттерибиз балдар үчүн деп билдирди.
Маалымат үчүн: “Топ-Жылдыз” бала бакчасы эскилиги жетип, көп жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөй келген. Жаңы бакча 2 кабаттуу, 450 балага ылайыкташкан.
