Бишкек жана Тбилиси муниципалитеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады
2026-жылдын 5-октябрында Тбилиси шаарына болгон иш сапардын алкагында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Тбилиси шаарынын мэринин орун басары Георгий Ткемаладзе менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки борбор шаардын ортосундагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, шаардык инфраструктура, коомдук транспорт, коомдук мейкиндиктерди көрктөндүрүү жана шаардык чөйрөнү өнүктүрүү багыттарындагы тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Тбилиси шаарынын шаардык инфраструктурасынын өнүгүү деңгээлин жогору баалап, Бишкек Тбилисинин тажрыйбасын, анын ичинде транспорт системасын модернизациялоо жана шаардык чөйрөнүн сапатын жогорулатуу багытындагы тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Жолугушууда Бишкек менен Тбилисинин ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар шаарлар ортосундагы мамилелердин оң динамикасын белгилеп, мындан ары кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.
Иш сапардын алкагында Бишкек шаарынын делегациясы «Тбилисоба 2026» майрамына арналган иш-чараларга да катышты. Бишкектин өкүлдөрү Тбилисинин жетекчилигин жана шаар тургундарын майрамы менен куттуктап, маданий программанын жогорку деңгээлде уюштурулганын, ошондой эле шаардын тарыхый жана маданий мурастарды сактоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилешти.
Сапардын өзүнчө багыты Тбилисинин асма транспорт тармагындагы тажрыйбасын үйрөнүүгө арналды. Бишкек шаарынын делегациясы Тбилисиде асма жол долбоорлорун ишке ашырууга катышкан австриялык Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Тараптар Бишкекте асма жол куруу долбоорун иштеп чыгуу алкагында мүмкүн болгон кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да кызматташууну улантууга жана конкреттүү биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу максатында практикалык тажрыйба алмашууга даяр экенин билдиришти.
