Жалал-Абадда алты тоголок жетим балага жер тилкеси бөлүнүп берилди
Жалал-Абад областынын Аксы жана Чаткал райондорунун прокуратуралары тарабынан жетим балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 6 тоголок жетим балага жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад областынын прокуратура органдары тарабынан бул багытта жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2025–2026-жылдары ата-энесинен ажыраган балдарга жалпы 19 батир жана 32 жер тилкеси алынып берилген.
