«Учкун» басмаканасынын директору алмашты
«Учкун» ачык акционердик коомунун башкы директору алмашты. Ишкананын жаңы жетекчиси болуп Илгиз Тапаев дайындалды.
«Учкундан» билдиришкендей, Тапаев директорлор кеңешинин чечими менен башкы директорлук кызматка шайланды.
Буга чейин 2022-жылдын август айынан бери ишкананы жетектеп келген Бакытбек Султанов кызматынан бошотулганы маалымдалган.
Кадрдык өзгөрүү мектеп окуу китептеринин айланасында чыккан чоң резонанстан бир нече жума өткөндөн кийин болду.
Сентябрь айында Кыргызстанда мектептерге арналган жаңы окуу китептеринин базарларда пайда болушу коомчулукта талкуу жараткан. Китептердин айрымдарында «Учкун» басмаканасы көрсөтүлгөнү менен, ишкана аларды мыйзамсыз сатууга тиешеси жок экенин билдирген. Ошол учурда «Учкун» ишканасынын башкы директору Бакытбек Султанов тиражды ишкананын аймагынан мыйзамсыз алып чыгуу мүмкүн эмес экенин айткан.
Ошондой эле «Учкун» басмаканасы окуу китептерин жеке мектептерге жана жеке сатып алуучуларга арыздын негизинде расмий сатууга укуктуу болгонун түшүндүргөн. Ишкананын жетекчилигинин маалыматына караганда, мындай сатуунун көлөмү 23 млн сомдун тегерегин түзгөн.
Чыр-чатактан кийин окуу китептерин сатуу тартиби өзгөртүлгөн. 18-сентябрдан тарта «Окуу китеби» басма үйү менен түзүлгөн лицензиялык келишимдин мөөнөтү токтотулганына байланыштуу «Учкун» окуу китептерин жеке билим берүү уюмдарына жана башка акыркы керектөөчүлөргө сатууну токтоткон.
Ошол эле учурда Бакытбек Султановдун кызматтан бошотулушу жана жаңы жетекчинин дайындалышы окуу китептеринин айланасындагы чыр менен байланыштуу экени расмий айтылган эмес.
Илгиз Тапаев жаңы кызматка дайындалганга чейин Президенттин Иш башкармалыгынын системасында иштеген. Ведомствонун расмий сайтында ал мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетекчиси катары көрсөтүлгөн.
