Ош шаарында Россия, Казакстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү өтөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
6 октябрь

Ош шаарында Россия, Казакстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү өтөт

2026-жылдын 8-октябрында Ош шаарында Россия, Казакстан жана Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын катышуусунда Евразиялык билим берүү көргөзмөсү өтөт.

Россия тараптан Москва, Санкт-Петербург, Томск, Екатеринбург жана башка шаарлардын окуу жайлары катышат.

Абитуриенттерге медицина, техникалык жана инженердик адистиктер, экономика, юриспруденция, айыл чарба илимдери, архитектура жана курулуш сыяктуу багыттар боюнча кеңири мүмкүнчүлүктөр сунушталат.

Университеттердин өкүлдөрү билим берүү программалары, окууга кабыл алуу шарттары жана студенттик жашоо тууралуу маалымат беришет.

Абитуриенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду түз берип, ал эми жогорку класстын окуучулары келечектеги кесипти тандоо боюнча кесипкөй кеңеш ала алышат.

Көргөзмө Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жана Оштогу Орус үйүнүн колдоосу менен өтөт.

Иш-чаранын уюштуруучусу — «Евразиялык кызматташтык уюму» автономдуу коммерциялык эмес уюму.

Көргөзмө 8-октябрда саат 10:00дөн 14:00гө чейин Ош мамлекеттик университетинде (Ош шаары, Ленин көчөсү, 331) өтөт.