Кыргызстанда 13,5 млн депозит корголот – бир банктагы компенсациянын өлчөмү 1 млн сомго чейин
Кыргызстанда аманатчыларды коргоо системасына кирген болжол менен 13,5 млн депозит бар. Бул тууралуу Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директорунун орун басары Нурлан Байбосунов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Эгер банкта каржылык көйгөй жаралып, Улуттук банк анын лицензиясын кайтарып алса, Депозиттерди коргоо агенттиги аманатчыларга Депозиттерди коргоо фондунун каражатынан компенсация төлөп берет.
Кепилденген төлөмдүн максималдуу өлчөмү бир банктагы бир аманатчыга 1 млн сомго чейин түзөт.
Депозиттерди коргоо системасы жеке жактардын жана жеке ишкерлердин аманаттарына жайылтылат.
Байбосуновдун айтымында, коргоо системасына коммерциялык банктар тарабынан уюштурулган жана, анын ичинде, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүүдө колдонулган электрондук капчыктар да кирет.
Учурда депозиттерди коргоо системасына 23 коммерциялык банк жана үч финансылык-кредиттик мекеме катышат.
