Тармактык комитеттин мүчөлөрү жашыл бак-дарактарды коргоо чөйрөсүнө байланышкан мыйзам долбоорун карады
Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Жашыл бак-дарактарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Алсак, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Улукбек Карыбек уулу, Жаныбек Абиров жана Умбеталы Кыдыралиев тарабынан демилгеленген.
Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Дастан Бекешев даракты кыйган адам айып пул төлөө менен гана чектелип, бирок дарак ордуна келтирилбей тургандыгын мисал келтирди.
“Андыктан мыйзам долбоору аркылуу ар бир кыйылган дарак үчүн беш көчөт отургузуу жана аларды үч жыл бою милдеттүү багуу ченеми киргизилет”,– деген депутат сугат суу системасын талкалагандарга да кайра калыбына келтиртүү талабы коюлуп жатканын кошумчалады.
Талкуу маалында депутат Алтынбек Кылычбаев жыл сайын жашылдандыруу иштерине көптөгөн каражат жумшаларын жүйө келтирип, ар жылы канча көчөт олтургузуларын сурады.
Жыйынга онлайн катышып жаткан Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин тиешелүү башкармалыгынын башчысы Кумарбек Мамбеталиев быйылкы жылкыга 9 млн көчөт олтургузуу пландалганын маалымдады.
Ал эми депутат Алтынбек Кылычбаев көчөттөрдү эгүү менен гана чектелбей, алардын өсүп-өнүп кетишине жана корголушуна өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Ошону менен катар жеке жарандардын багы мамлекеттик муктаждыкка ылайык кыйылса кенемте төлөп берүү зарыл экенине да токтолду.
Андан тышкары депутат Жылдыз Курманалиева мыйзам долбооруна карата Министрлер кабинетинин пикирине кызыкты.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев сунушту колдоп жатышканын билдирди.
Ошондой эле депутат Нурбек Сыдыгалиев Бишкек шаарындагы бак-дарактарга инвентаризация жүргүзүп, көзөмөлдөп туруу талабын айтса, депутат Райимберди Дуйшенбиев дарактарды кыюуга уруксат берүү жол-жоболоруна байланыштуу жагдайларды тактады.
Депутат Улукбек Узакбаев болсо эгилген көчөттү үч жыл бою багуу боюнча киргизилип жаткан ченемдерди көзөмөлдөө маселесине көңүл бурду.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.
