Бишкекте комузчулардын республикалык ачык сынагы өтөт
Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү комузчу жана күүчү Намазбек Келгенбаевич Уралиевдин 70 жылдык мааракесине карата комузчулардын республикалык ачык сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана спорт саясаты министрлиги билдирет.
Сынак кыргыздын салттуу музыкалык өнөрүн колдоо жана өнүктүрүү, улуттук музыкалык мурасты сактоо, ошондой эле таланттуу комузчуларды аныктап, алардын чыгармачылыгын колдоого багытталган.
Сынакка катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынат. Тандоо туру 22-октябрда К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында өтөт.
Мааракелик салтанаттуу иш-чара жана сынактын жеңүүчүлөрүнүн гала-концерти 24-октябрда саат 14:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Иш-чара кыргыздын комузчулук өнөрүн кеңири жайылтууга, салттуу музыкалык маданиятты сактоого жана анын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө багытталган.
