Баткен шаарынын мэриясы
6 октябрь
Баткен шаарында 18 метрлик жаңы көпүрө курулууда
Баткен шаарынын Чет-Булак аймагындагы Алымбек Датка көчөсүндө курук сай аркылуу өтүүчү жаңы көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат.
Баткен шаарынын мэриясынан кабарлашкандай, көпүрөнүн узундугу 18 метр, туурасы 12 метрди түзүп, эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар каралган.
Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, иштин сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Учурда курулуш иштери графикке ылайык жүргүзүлүүдө.
Жаңы көпүрө Чет-Булак аймагынын тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу каттамды камсыздап, транспорттук байланыштын жакшырышына өбөлгө түзөт.
