Баткендин Жаңы Достук айылында мечит пайдаланууга берилди 
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
6 октябрь

Баткендин Жаңы Достук айылында мечит пайдаланууга берилди 

Баткен районунун Жаңы Достук айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Мечиттин курулушуна 2025-жылдын декабрь айында капсула салынып, иш кыска убакытта бүткөрүлдү.

Курулуш белгилүү дин аалымы Абдышүкүр ажы Нарматовдун демилгеси жана «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашкан.

“Сапаркул ата” атындагы мечит заманбап талаптарга ылайык курулуп, анда намаз окуу жайынан тышкары балдарга диний билим берүүчү бөлмөлөр жана имамдын иш бөлмөсү да каралган.

Жаңы мечит айыл тургундарынын диний муктаждыгын камсыз кылуу менен бирге жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялоого жана коомдогу ынтымакты бекемдөөгө кызмат кылмакчы.

Белгилей кетсек, Жаңы Достук айылында турак үйлөрдөн сырткары бир катар социалдык объектилердин да курулушу жүруп,анын айрымдары пайдаланууга берилсе,айрымдарынын куруштары аяктоодо.