Араван районунда 150 орундуу мектептин курулушу уланууда 
4 июнь

Араван районунда 150 орундуу мектептин курулушу уланууда 

Ош облусунун Араван районуна караштуу Гүлбаар айылында 150 окуучу орундуу Э. Кебекбаев атындагы мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты. 

Долбоор 2024-жылдан бери ишке ашырылып, каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлүүдө.

Тендердик баасы — 74,4 млн сомду түзөт.

Мектеп заманбап стандарттарга ылайык курулууда. Долбоор боюнча негизги окуу класстардан тышкары компьютердик класс, лаборатория, актовый зал жана мектептин айланасына спорттук аянтчалар менен футбол талаасы каралган.

Курулуштун жүрүшү Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлгө алынган.