РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет
27 июнь

РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2025-жылдын 28-29-июнунда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Иш сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландалып, анда кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланат.