Алай районунун пробация органы 2024–2028-жылдарга карата мамлекеттик программаны ишке ашырууда
9 октябрь

Алай районунун пробация органы 2024–2028-жылдарга карата мамлекеттик программаны ишке ашырууда

Алай районунун пробация органы Кыргыз Республикасынын 2024–2028-жылдарга карата жаза аткаруу (пенитенциардык жана пробациялык) системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу алкагында, пробация кардарларынын укуктарын жана социалдык кепилдиктерин камсыздоо максатында бир катар иш-чараларды өткөрүүдө.

Ушул максатта, пробация органы Алай райондук жалпы дарыгерлердин профилактикалык борборуна расмий кайрылуу жасаган. Кайрылуунун жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун көрсөтмөсүнө ылайык, 15 пробация кардары тиешелүү медициналык анализдерди тапшырып, 086 формасындагы медициналык маалымкаттарды акысыз алышты.

Бул иш-чара – пробацияда жүргөн жарандардын саламаттыгын сактоо, медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана аларды коомго социалдык адаптациялоону колдоо багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Алай районунун пробация кызматы мындан ары да тиешелүү мамлекеттик жана медициналык мекемелер менен кызматташууну улантып, пробация кардарларына комплекстүү колдоо көрсөтүүнү максат кылат.