Оштогу Курбанова жана Донг көчөлөрү кеңейтилет
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 7-апрелде таң эрте Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Курманжан-Датка көчөсүнө жанаша жайгашкан Р.Курбанова жана Донг көчөлөрүн кыдырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ошондой эле, Шейит-Дөбө кичи районундагы Курманжан-Датка көчөсүнө туташкан жана стратегиялык мааниге ээ болгон Н.Бахрамов, Г.Давыдов, Октябрга 50 жыл атындагы ички көчөлөрүнүн жолдорун дагы көзөмөлдөп чыкты.
Мэр жеринде тиешелүү кызматтардын жетекчилерине Г.Давыдов көчөсүндө жана Жупас каналынын үстүнө мыйзамсыз тургузулган курулуштарды алып салуу, алардын ордуна жашыл аймактарды түзүү, аллеяны куруу, Р.Курбанова көчөсүнүн жолуна шагыл төгүп, толугу менен калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча талабын койду.
