Tunduk тиркемесинде “КТБ” жаңы бөлүмү пайда болду
Tunduk мобилдик тиркемесинде “КТБ” жаңы бөлүмү пайда болду, деп билдирет Санариптик өнүктүрүү миниистрлигинин басма сөз кызматы.
Бул бөлүм Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) кызматтарын бириктирип, жарандарга КТБга баруунун зарылдыгын жокко чыгарып, онлайн режиминде керектүү кызматтарды оңой табууга жана пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул бөлүмдүн жардамы менен төмөнкү эң көп талап кылынган кызматтарды пайдалана аласыз:
- КТБга онлайн жазылуу - КТБга барууда өзүңүзгө ылайыктуу убакытты тандап, кезектерден арылыңыз.
- Каттоо - эгер сиз турак-жайдын ээси болсоңуз башка жарандарды, алардын ичинде балдарды, онлайн режиминде каттай аласыз.
- ID-паспортту алмаштыруу - КТБга барбастан паспортту алмаштырууга арыз тапшырыңыз.
- ЖААК документтерин санариптештирүү - жарандык абалдын актыларын санариптештирүүгө арыз тапшырыңыз (туулгандыгы тууралуу, нике жана башкалар)
- Катталган жарандар тууралуу маалымкат - өзүнүздүн дарегиңиз боюнча канча адам катталгандыгын билиңиз.
- Күбөлүктү кайра алуу - онлайн режиминде жарандык абалдын актыларынын документтерин өзгөртө аласыз.
- Жарандык абалдын актыларынын көчүрмөсү - актылардын ичинен туулгандыгы тууралуу, нике, ажырашуу жана башка документтердин көчүрмөсүн алыңыз.
