Кара-Суу районундагы өндүрүштүк завод мамлекетке кайтарылды
Кара-Суу районундагы өндүрүштүк завод мамлекетке кайтарылды, деп кабарлайт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Ош областтык прокуратурасы тарабынан мамлекеттик менчик мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кара-Суу районундагы вино-арак өндүрүш заводу 5.91 га жер тилкеси менен биргеликте жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде 276 млн сомдук 5.91 га жер тилкеси менен өндүрүштүк завод мамлекетке кайтарылды.
