Ысык-Көлдө Мамлекеттик резервдер фондунун тегирмени ишке кирди
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 30-ноябрда Мамлекеттик резервдик фондго караштуу тегирмендин ачылышы болуп, ишке берилди. Бул тууралуу КР ӨКМден билдиришти.
Тегирмендин кубаттуулугу 60 тоннаны түзүп, Ысык-Көл, Нарын облустарынын калкын 1-2-сорттогу унга муктаждыгын, ал эми түндүк-түштүк альтернативдик жолу ачылганда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын калкынын муктаждыгын да камсыздай алат.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунун жергиликтүү айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн азык-түлүк буудай данын кабыл алууну жүзөгө ашырып, мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөөдө.
"Келечекте бул тегирмендин аймагына кампаларды куруу каралууда жана азык-түлүк буудай данын жана социалдык маанилүү тамак-аш азыктарын сактоого мүмкүндүк болору күтүлүүдө", - деп кошумчалаштв ведомстводон.
