Кыргызстан Газа тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча башталган процессти кубаттайт
Кыргыз Республикасы Газа тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча башталган процессти кубаттайт жана эл аралык укуктук принциптерине, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык демилгелерин колдоого берилгендигин дагы бир жолу ырастайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
"АКШнын президенти Дональд Трамптын тынчтык демилгеси, ошондой эле Египеттин, Катардын жана Түркиянын дипломатиялык аракеттери дүйнөлүк коомчулуктун кеңири колдоосуна татыктуу", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
