Беларуста кыргызстандык согуш ардагерлерин эскерүү сейил багы ачылды
Беларусь Республикасынын Витебск облусунун Бешенковичи районунда Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилиги, Беларусь Республикасынын Токой чарба министрлиги, Беларусь Республикасынын Коргоо министрлиги жана Бешенковичи райондук аткаруу комитети менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Беларусияда курман болгон кыргызстандыктардын элесине арналган иш-чара өткөрдү.
Кыргызстандын Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин сөөгү коюлган жердеги мемориалдык комплексте Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрбол Султанбаевдин, Токой чарба министринин биринчи орун басары Александр Драгундун, Бешенковичи райондук аткаруу комитетинин төрайымы Галина Унуковичтин, Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын депутаттарынын, ЕАЭБ сотунун судьяларынын жана кызматкерлеринин, Бешенкович районунун активинин жана тургундарынын катышуусунда митинг-реквием болуп өттү.
Элчи Эрбол Султанбаев өз сөзүндө Беларусту фашисттик баскынчылардан бошотууда 30 миңдей кыргызстандык өз өмүрүн кыйганын белгилеп, кыргыз жоокерлеринин элесин сактап калган беларус элине ыраазычылык билдирди.
Митингдин катышуучулары бейитке гүл коюп, мемориалдык комплекстин жанына Жеңиштин 80 жылдыгына жана Беларусту бошотуу үчүн салгылашкан кыргызстандык жоокерлердин элесине арнап парк отургузушту, ошондой эле мемориалдык такта орнотулду.
