Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына таянсак, жер титирөө 30-ноябрда саат 15:18де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында 3 балл, Мырза-Арык жана Кара-Суу районунун Правда айылдарында 2,5 баллга (Куршаб айылынан 2 чакырым түндүк батышта, Правда айылынан 5 чакырым чыгышта, Мырза-Арык айылынан 6 чакырым түштүк батышта, Ош шаарынан 37 чакырым түндүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
