Бишкек мэриясы муниципалдык автобустарда накталай акча чогултуу планын жокко чыгарат
1 декабрь

Бишкек мэриясы муниципалдык автобустарда накталай акча чогултуу планын жокко чыгарат

Бишкекте 2-декабрдан тарта муниципалдык автобустарда накталай акча чогултуу планы жокко чыгарылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Муниципалитеттен кабарлашкандай, борбор калаанын жолдорундагы абал боюнча маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн мэриянын кырдаал борбору аркылуу автобустарга орнотулган жүргүнчүлөрдү эсептөө системасы аркылуу накталай төлөмдөрдү көзөмөлдөө иштери күчөтүлөт.

"Эгерде иш жүзүндөгү төлөм менен салыштырганда каражаттын жетишсиздиги аныкталса, айдоочуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде чара көрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө. 

Ошону менен бирге, Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кире акысын накталай эмес төлөм системасы иштеп жатканын белгиленет.

Коомдук транспорттун тарифтери:
- автобуста – 17 сом;
- кичи автобустарда – 20 сом;
- валидаторлор орнотулган автобустарда, жол кире акысын накталай төлөгөндө – 20 сом.