
ИИМ: Окуучулардын сабалышы боюнча видео Казакстанда тартылган
Социалдык тармактарда «Выстроил в линию и избивал: жестокое видео со школьниками расследует полиция» аттуу темасында тарап кеткен маалыматка байланыштуу, КР Ички иштер министрлиги расмий түрдө төмөнкүлөрдү билдирет:
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча, окуя Казакстандын аймагында болгондугу аныкталды.
ИИМ ЖМК өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын текшерилбеген маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырат.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет: коомдук резонанс жараткан материалдарды таратуудан мурун расмий булактар менен маалыматтарды салыштырып текшерүү зарыл.