А. Масалиев проспектисинде жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун белгилери өчүрүлүп, тосмо орнотулду
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын адистери А.Масалиев проспектисиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун белгилерин өчүрүү боюнча иштерди жүргүзүштү.
Ошондой эле жогоруда белгиленген бөлүктүн бөлүүчү тилкесине темир тосмолор орнотулду.
Мындан тышкары, шаар тургундары менен жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, Ленин акимиаты Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, Бишкек шаарынын ШИИББ боюнча ЖККБ, “Бишкекасфальтсервис”, “Бишкекжарык”, “Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканаларынын, №5 МАБ өкүлдөрү менен биргеликте, ошондой эле “Жал” кичи районунун тургундарынын катышуусунда көчмө кеңешме уюштурулган.
Кеңешменин жүрүшүндө А.Масалиев проспектисиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду демаркациялоо чечими кабыл алынды. Бул чечимге айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин сактабагандыгынын жана көптөгөн жол-кырсык фактылары негиз болду.
